Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы “Ак илбирс” балдардын эс алуу борбору жана ден соолукту чыңдоо комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.
МинКаб төрагасы Базар-Коргон районунда жайгашкан бул комплекс эки айдын ичинде бүткөрүлгөнүн жана анда жакшы эс алуу үчүн бардык шарттар бар экенин белгиледи.
Чогулгандарды борбордун курулушунун аякташы менен куттуктап, комплекс райондун гана эмес, бүтүндөй облустун көркү болоорун белгиледи.
Белгилей кетсек, комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 орундуу кинотеатр, машыгуучу залдар, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, 2 бассейн жана ашкана бар. Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргызнефтегаз” ААКсы башкарган “Зорка” балдар лагеринде болду. Жапаров курулуш жана оңдоо иштеринен кийинки лагердин турак жайларын, медициналык пунктун, жыйындар залын жана ашканасын көрүп чыкты.
МинКаб башчысы кошумча имараттын курулушу аяктагандан кийин лагерде көбүрөөк балдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.
“Ар бир облуста жайкысын балдардын эс алуусун уюштуруу зарыл. Балдар лагерлери баланы тартипке үйрөтөт, дени сак адаттарга үйрөтөт, ошондой эле мектеп каникулдарынын убагында кадимки күн тартибин түзүүгө жардам берет”, — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, “Зорка” балдар лагери 1964-жылы курулган. Жалпы аянты 8,32 гектарды түзөт. Балдар лагерине жылына 1200-1350дөн ашуун бала келет.