Бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменов сабаган жаран кыргызстандык экенин тастыкталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Астанадагы MEGA Silk Way соода борборунун балдар аянтчасында болгон окуядан жабыр тарткан кыргызстандык Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине чакырылды.
«18-июнда болгон окуя боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тиешелүү бардык процессуалдык аракеттерди көрүп жатат. Аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө», — деп билдиришти.
Буга чейин казак басылмалары мушкер Шуменов кафелердин биринде кыргызстандыкка кол салып, аны сабап баштаганын жазып чыгышкан.