7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо мектеп мугалимдери митингке чыгышты

5474

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Макаренко атындагы №1 гимназия-мектебинин мугалимдери райондук администрациясынын алдына митингке чыгышты. Алар блогерлерге чара көрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу «7-каналдын» Жалал-Абад облусундагы журналисти Руслан Калматов жерине барып таанышып кайтты.

Алардын айтымдарында, блогер Кубанычбек Бакиров №1 Макаренко гимназия-мектебине барып мугалимдерди видеого тартып кеткен.

Ал эми Кубанычбек Бакировго 4-класс окуучу кыздын апасы кайрылып, мугалимдер кызынын мектепке жоолук салынып барганына жана орозо кармаганына каршы чыгып, мажбурлап оозун ачтырып салышкандарын айткан.

Бул окуяны чагылдырып берүү үчүн Кубанычбек Бакиров мектепке барып, тасмага түшүрүп кетип социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн.

Мугалимдердин айтымдарында, видеонун алдында «Мугалимдерди ташбаранга алыш керек!», «СССРдин мугалимдери жаштарга орун берсин!», «Булар каапырлар!» ж.б. терс пикирлер жазылып, өмүрлөрүнө коркунуч туулуп жатканын айтышат.

«Биз 4-класс кыз ачкадан жыгылып калбасын дедик. Баарыбыз түшүндүрүп көрүүгө аракет кылдык. Биз эч кандай динге шек келтиргенибиз жок. Болгону профсоюз биздин укугубузду коргоп берсин. Ал күнү күн ысык болчу жана ал окуучунун жүгүртмөсүндө дене тарбия сабагы бар эле. Же орозо айында дене тарбия сабагын алып салуу керек болчу. Бул окуу жылын тынч-аман бүтүп кетүү эле биздин оюбуз», — дейт мугалимдердин бири.

Алардын чоочулаганы, блогерлер мугалимдердин кадыр-баркын түшүрүп, окуучулардын тоготпой калуусу. Эгер мугалимдер алсыз болсо, бийлик дагы билимсиз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5475