2020-жылы пандемиялык чыгымдар жана анын кесепетинен улам салыктан түшкөн кирешенин төмөндөшүнө байланыштуу бюджетти бөлүштүрүүдө бир катар өзгөрүүлөр болгон.
Алсак айыл чарбасында, отун-энергетикалык комплексинде, тоо-кен өнөр жайында, транспортто жана байланыш тармагында мамлекеттик чыгымдар толугу менен токтотулуп, өкмөт бюджетти 2 миллиард 791 миллион 606,6 миң сом үнөмдөөгө жетишкен.
Бул каражаттар өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыйла актуалдуу болгон бюджеттин башка тармактарына багытталган.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, эс алуу жана дин маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттар 525 миллион 122,7 миң сомго азайды. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 23,3% га, же 3 миллиард 258,3 миллион сомго көбөйгөн.
Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өсүшүнө мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларынын жогорулашы дагы өбөлгө болгон.
Булак: Акчабар.