Бүгүн, 14- майда Базар-Коргон районунда болгон катуу жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн.
ӨКМден билдиришкендей, селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып 15 турак үйдүн короо-сарайларына кирген.
«Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилди»- дешти.