Бишкектеги түнкү клубдардын биринде бейбаштык кылып асманга ок чыгарган жарандын видеосу тараган. Ал жаран кармалганын Октябрь РИИБден билдиришти.
Видео тасмадан киши тапанчасын көтөрүп алып, жанындагыларга «эмне болду?!» деп жатканын көрүүгө болот.
«14-майга караган түнү саат 03:06 чамасында Асанбай кичи районундагы түнкү клубда бир киши курал көтөрүп асманга атып жатканы боюнча чакыруу түшкөн. Ыкчам топ барып, 34 жаштагы А.С. аттуу жаранды кармап тергөө кызматына алып келген. Ага карата кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген»- деп билдиришти милициядан.
Шектүүдөн желим ок атуучу МР-471 тапанча алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Учурда иликтөө жүрүп жатат.