Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-аракетинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылган.
Кампадан «Ф-1» кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган.
«Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси («Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда», — деп берилет маалыматта.