7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бажы кызматынын кадрлар резервине 66 талапкер кабыл алынды

19

Бажы кызматынын кадрлар резервине 382 талапкердин ичинен 66сы кабыл алынды.

Биринчи этапка жалпы 382 талапкер катышып, дене тарбия даярдыгы текшерилген жана андан 213ү ийгиликтүү өткөн. Сынактын экинчи этабында компьютердик тестирлөө болгон.

Тестирлөө 8-9-июль күндөрү өткөрүлдү. 60 мүнөттүн ичинде талапкерлер 100 суроого жооп берип, кеминде 75% туура жооп алышы керек эле. Жыйынтыгында, үчүнчү турга 68 адам өттү. Тестирлөөгө өз алдынча даярдануу үчүн суроолор Бажы кызматынын расмий сайтына алдын ала жарыяланган. Үчүнчү этап – эссе жана маектешүү. Катышуучулар эссе жазып, конкурстук комиссия менен жеке маектешүүдөн өтүштү. 66 талапкер бул этаптан ийгиликтүү өтүп, кадрлар резервине киргизүүгө сунушталды.

Сунушталган талапкерлердин тизмеси МБКнын расмий сайтында жарыяланды: www.customs.kg .

Сынактын бардык айлампасы видеого тартылып, онлайн көрсөтүлдү. Жыйынтыгына ылайык мурунку тажрыйбасы бар, укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн 19 талапкер курстардан өтпөстөн тышкы кадрлар резервине кабыл алынат. 47 талапкер укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө биринчи жолу талапкер болгондор, алгачкы кесиптик даярдык курсунан өтүү үчүн Адистештирилген окутуу бажысына жиберилет.

20