7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бейиш эненин таманында» тасмасы эл аралык сынакта баш байгени жеңди

1246

Режиссёр Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы III Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси менен сыйланды. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

10-майда КРнын Россиядагы элчилиги III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын жыйынтыгы боюнча байгелерди салтанаттуу тапшыруу аземине катышкан. Иш-чара Москва шаарында Жеңиш музейинде өттү.

Конкурстун баш байгесине өзгөчө адам, аң-сезим жактан өсүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил деген жигиттин тарыхын, эненин балага болгон күчтүү сезимин чагылдырган «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасмасы ээ болду.

«Дебют», «Мыкты режиссёр», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты кыска метраждуу фильм», «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты сценарий», «Биздин замандын каармандары» номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн жана катышуу үчүн Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдө жаратылган 33 тасма тандалып алынган.

Белгилей кетсек, Эл аралык туура багыттагы кино фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Өткөрүлүүчү негизги жай – Москва шаарындагы Жеңиш музейи, ошондой эле фестивалдын алкагында аймактык музейлерде, маданий мекемелерде, мектептерде жана бүткүл россиялык балдар лагерлеринде да өткөрүлөт. 2023-жылдан бери фестиваль эл аралык статуска ээ.

1247