7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бейиш эненин таманында» тасмасы Орусиянын 60тай шаарына коюлат

994

11-апрелден тарта кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу режиссёр Руслан Акун тарткан «Бейиш энелердин таманында» аттуу кыргыз тасмасы бүткүл Россияда кеңири прокатка чыгат.

Маданият министрлигинен билдиргендей, тасма Голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган. Тасма психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган өзгөчө инсан 35 жаштагы Адилдин 75 жаштагы апасы Райхан апанын айылдагы жашоосун, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапарын баяндайт.

Тасма Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Меккеде тартылган. Казакстанда 21-мартта, Өзбекстанда жана Россия Федерациясында 11-апрелде прокатка чыгат, ошондой эле тасманы түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Аталган тасманы тарткан Руслан Акун «Салам, Нью-Йорк», «В поисках мамы», «Көк-Бөрү», «Акыркы сабак», «Агай», «Салам, Европа!» аттуу тасмалары менен да белгилүү.

 

 

995