7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан эки кабаттуу үй буздурулду

370

Бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Бишкек шаары, Власова №59 дарегинде жайгашкан мыйзамсыз курулуш буздурулду.

Буздуруу ишине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, анын орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Эрназарбек Суеркулов катышты.

Белгиленгендей, аталган объект 2016-жылы тийиштүү уруксат кагаздары жок курулуп баштаган. Кийин Мамкурулуш тарабынан анын мыйзамсыз экенин аныкталып, Биринчи май райондук сотуна доо арызы менен кайрылган. Ошентип, сот доо арызды толук канааттандырып, анын негизинде объект бүгүн буздурулду.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, курулуш тармагында иш алып барган ар бир жеке компания КР мыйзамдарына ылайык ишмердүүлук жүргүзүсү зарыл.

«Бары бирдей мыйзамга баш ийүү менен жашоочулардын укуктары эске алынып, жалпы инфраструктуралык эрежелер сакталышы керек. Мамкурулуш агенттиги мыйзамдуу иш алып барам деген ишкерлерди колдоого алат», — деди ал.

371