Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы «Оскар» сыйлыгына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу актёр Эмил Эсеналиев соцтармакта видео менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, бул тасма кинофестивалда «Чет тилдеги эң мыкты тасма» номинациясы боюнча ат салышмакчы.
Эскерте кетсек, учурда чет мамлекеттердеги Оскар комитеттери талапкерлердин лонг-листин (узун тизме) түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп , анын ичинен жеңүүчү тандалат.
97- Оскар сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Dolby театрында (Голливуд, Лос- Анжелес) өтөт.
«Бейиш эненин таманында» тасмасында акыл-эси жаш баланыкындай тейде калган жигит менен улгайган апасынын жылуу мамилеси, айылдагы жашоосу, алардын Меккеге сапары көрсөтүлөт.
Тасманы Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартып, бир нече тилге которулган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram