Бүгүн, 23-августта Лебединовка айылында Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратында күнү-түнү иштеген 5 мобилдүү тез жардам бригадасына, анын ичинен 3 реанимациялык бригада жана 2 фельдшердик бригадага ылайыкталган тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды.
Иш-чара саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт.