7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев авария болгон мектепке барып, мугалимдер менен окуучулардан кабар алды

799

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды. Бул тууралуу Билим берүү илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.

Сапардын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.

Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, окуучулар сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.

Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган. Билим берүү мекеменин экинчи, жарактуу корпусунда уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800