7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: Министрликке жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим

700

Билим берүү жана илим министрлигинин мурдакы башчысы Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кеткендигин айтып, элге билдирүү жасады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, ал кызматка орношкондо мамлекеттин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси курч болчу.

«Кымбаттуу Мекендештерим! Алты жарым ай иштеген жооптуу кызматтан кетип жатып жалпы элиме ыраазычылык билдиргим келди. 2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле, пандемияга байланыштуу окуу процесси 100% онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим.

Бирок ага карабастан элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык. Бул мөөнөттө колдоо көрсөтүп, Билим, илим министри кызматын алып барышыма шарт түзгөн жалпы элибизге, президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровго, Өкмөт башчыбыз Улукбек Асамидиновичке, ЖКтин жалпы депутаттарына, Өкмөт мүчөлөрүнө, Эл аралык уюмдарга, Элчилерибизге, өлкөбүздөгү өнөктөш өлкөлөрдүн элчилерине, визавилериме, журналисттерге, минисрликтин аппаратына, жалпы мугалим, илимпоз жана тармактын жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин. Мага кабатыр болуп, пикир билдирип жаткан, колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын. Жумушка байланыштуу кимдир бирөөнүн жүрөгүн ооруткан болсом кечирим сурайм. Өлкөбүз гүлдөп өссүн, ылайым тынчтык гана өкүм сүрсүн!», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701