7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

МКнын төрагасы Улукбек Марипов алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү

507

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн катышуусунда алгачкы жумушчу кеңешмесин өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын калкына кайрылуусун ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Улукбек Марипов белгилегендей, татаал экономикалык абал токтоосуз чечкиндүү аракеттерге өтүү зарылдыгын шарттап турат.

Президент Минстрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди койду, алар аткарылышы тийиш. Бул, биринчи кезекте, бизнести жүргүзүү шарттарын максималдуу жакшыртуу. Дал ушул максатта Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо министрлиги түзүлгөн. Ошондой эле жеке менчикти коргоо, сот реформасы алкагында бейтарап сотту өнүктүрүү боюнча ишти күчтөндүрүү милдети турат. Мындан тышкары, тышкы сооданы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү маанилүүлүгүн кеңейтүү маанилүү.

Бул жана башка маанилүү милдеттерди аткаруубуз зарыл. Мунун бардыгы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Күнү-түнү өзгөчө кырдаалдар абалында иш алып барабыз», — деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоого, инвестицияларды тартууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө, анын ичинде калкты вакцинациялоо боюнча кеңири масштабдагы ишти жүргүзүүгө басым жасоо менен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү зарыл.

«Бүгүн биз аткаруу бийлик бутагынын органдарынын тарыхында жаңы баракты ачуудабыз. Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди, анын ишинен республикабыздын келечеги көзкаранды. Бизге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, сөздөн ишке өтүүгө убакыт келип жетти», – деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасы.

Кеңешменин жыйынтыгы болюнча Улукбек Марипов ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берди жана алар өз мөөнөтүндө аткарылышы керектигин жана ар бир мамлекеттик ведомствонун жетекчиси ал үчүн жеке жоопкерчилик алаарын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

508