Кечээ, 8- декабрда оорудан улам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Чотонов Мамашарип Мамытович дүйнө салды.
Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 2014 -жылдын 15- апрелинен тарта Кыргызстандын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, Бүбүара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.
Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.
7-каналдын жалпы жааматы жакындарына көңүл айтат.