КРнын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
«2 күндүн ичинде актерду сактап калуу үчүн донор болуп беремин деп 10 миңден ашык кыргызстандыктар мага жазышты. Ага операция Түркияда жасалат. Алардын мыйзамы боюнча Азиздин жакын тууганы гана өз органын бере алат экен. Учурда анын 4 жакыны анализдерди тапшырууда. Анын абалы дагы деле оор. Аз-аздан гана тамак жей баштады. Актердун жубайы жана өзү баарыңыздарга ыраазычылык билдирип жатат», — деди ал.