7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москвада мекендештеринен опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

407

Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция мекендештерин коркутуп-үркүтүү жана опузалап акча талап кылуу менен алектенип, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген адамдарды кармашкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында “Мырза” каймана аты менен белгилүү Ош облусунда 1986-жылы туулган Т.уулу М. (фамилиясын үч жолу өзгөрткөн), “Роха” каймана аты менен белгилүү Чүй облусунда 1998-жылы туулган Х.Р кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүгү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан куралды же курал катары колдонулган буюмдарды эки же андан көп адамга колдонуу менен мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу, инсандын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунучтуу зомбулук көрсөтүү), 163-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Б” пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу максатында опузалап талап кылуу), 163-беренесинин 2-бөлүгүнүн “а”, “в”, “г”-пунктары (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зомбулук көрсөтүү менен ири өлчөмдө опузалап талап кылуу,) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалгандардын мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар экендигин тактоо, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

408