7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейтапка боорун берген донорлордун бири үйүнө чыгарылды

407

Трансплантацияга муктаж бейтапка боорун берген донордун бири үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

15 күн бою ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада донордун жана реципиенттин боорлору туура иштеп жатканы белгилүү болгон.

“Донорлордун жана реципиенттердин боорлору ийгиликтүү иштеп жатат. Бир бейтаптын трансплантацияланган боору 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн. Бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат”, — деди министр.

Бир бейтапка боорду алмаштыруунун баасы операцияга чейинки текшерүүлөрдү, операциянын өзүн жана андан кийинки реабилитациялык мезгилди кошкондо 50 миң АКШ долларын түзөт. Бул чыгымдар президенттик фонддун эсебинен жабылып, операция жасата тургандарга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж. Андыктан шайкеш донорлорду издөө улантылууда. Мыйзам боюнча программага туугандык донорлор гана катыша алат.

“Саламаттык сактоо министрлиги кийинки бейтаптарды операцияга даярдоону улантууда, аны июль айында өткөрүү болжолдонууда. 15 адамдын ичинен төрт реципиенттин шайкеш донорлору бар, алар учурда операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат”, — деп кошумчалады Бейшеналиев.

408