7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бекешев: Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга берүү маселеси 2017-жылы эле чечилген

576

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ысык-Көлдөгү 4 пансионат тууралуу түшүндүрмө берип, билип туруп маалымат бурмалагандар дагы бар экенин социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

«Ысык-Көлдөгү 4 пансионат тууралуу билбегени деле сүйлөп жатат, билип туруп бурмалагандар дагы бар. Эмесе мындай, жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берейин! Бул пансионаттар союз убагында Өзбекстан үчүн курулган. Кийин союз чачырап, ар бир мамлекет өз алдынча болгондо, тагырагы 1993-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан ошол 4 пансионаттын тагдыры боюнча келишим түзүп, Өзбекстандын пайдалануусунда калат.

2016-жылы, өзбек президенти Ислам Каримов менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси начарлап, алар газ жана башка муктаждыктардан кысып баштайт. Ошол кезде Темир Сариев дагы жооп иретинде Өзбекстан ээлик кылып келген 4 пансионатты тартып алат. Бул Сариевдин популисттик, терең изилдебеген кадамы болгон. Мамлекетке тартып алуудан мурда, эл аралык сотто далилдей алабызбы?-деген суроо бериш керек болчу.

Аз өтпөй эле өзбек тарап эл аралык сотко кайрылат. 2017-жылы Сапар Исаков Премьер-министр болуп келип, Сариевден калган проблемага туш болот. Кыргыз өкмөтү 4 пансионат боюнча тынчтык келишимине келүү, кайра кайтарып берүү боюнча токтомго кол коюлат.

Себеби, Темир Сариев юридикалык жагын карабай эле шашылыш, популисттик чечим кабыл алган. Сапар Исаков сотто утулуп калаарын түшүнүп, өзбектерге 4 пансионатты пайдалануу боюнча мурдагы калыбына келтирүүнү сунуштайт. Ал долбоор боюнча 4 пансионат түбөлүк Өзбекстандын пайдалануусунда калмак.

Бул сүйлөшүүлөр аягына чыкпай, Өзбекстан эл аралык сотто “кыргыз өкмөтү мыйзамсыз тартып алган”-деген натыйжага жетип, кыргыз өкмөтүн 45 000 000 доллардын тегерегинде доого жыгат.

Акыркы 2 жылда кошуна Өзбекстан менен мамиле жаңы тепкичтерге чыкты. Чек араны такташтык, кызматташуу, соода-байланыштын көлөмү өстү. Кезек, 4 пансионатка келип анын тагдыры дагы чечилүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында – Өзбекстан 45 000 000 долларга утуп алган доосун кайтарып алмай болду. Кыргызстан тарап 49 жылга 4 пансионатты пайдаланууга бермей болууда. Кароосуз калып, эскилиги жеткен пансионаттардын ордуна 4-5 жылдыздуу мейманканаларды, заманбап шарттары бар тейлөөлөр болсун деген талаптар коюлду. Өзгөчө белгилеп кетели, бул жерде пансионаттар тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми ал пансионаттар жайгашкан 80 га жерлер ижарага берилип жатат. Аны бүгүнкү айрым чала сабаттар өзбек тарапка сатылып кетти деп элди бүдөмүк ойлорго түртүп атышат.

Жумушчулардын 80%ы жергиликтүү элден болот. Туристтердин саны өсөт, мамлекетке ири суммадагы салыктар төлөнөт. Бул – инвестициялык долбоор!

Мына ушул келишимди бурмалаган саясий күчтөр эмне деп жатышат? “Кыргыз бизнесмендерге эле берсе болмок, соттон утулуп калган 45 000 000 долларын берип салыш керек эле, өзбектерге бербей башка инвестор издеш керек”-деген чолок ойлорун айтышууда.

Эгер, 4 пансионатты алып калып, Өзбекстанга 45 000 000 долларды берсек, кайра эле ордуна башка инвестор издеш керек. Бул эки эсе көп чыгым. Башка инвесторлого берген менен өзбектерге бергендин эмне айырмасы бар?

Өзбектерге 45 000 000 доллар төлөп, кайра башка инвесторго деле 49 жылга ижарага берип, андан 45 000 000 доллар кетирген чыгымды күтүп отургандай апенди белек?

Ысык-Көлдүн айланасында каралбай жаткан толтура пансионаттар бар, интернеттен баатыр болуп, ооз көптүрүп сүйлөп жаткандар – ошол пансионаттарга деле инвестор таап, оңдогулачы, ким кой деп жатат?!

Өзбекстанга 45 миллион доллар бергенден көрө – ал акчага 4 эмес, 5 заманбап пансионат куруп алабыз. 49 жыл эми эле келип калат. Азыр өзбектер инвестиция салат, оңдойт, сонун кылып коет. Аны кайра көтөрүп кетпейт, бизге эле калат.

Дагы бир популисттер “акча чогулталы” деп чакырык кылып жатышат. 45 миллион эмес, 45 миң сом чогулта аласыңарбы? Андан көрө, өзбектерди жонунан сылап, заңгыраган пансионаттарды курдуруп, туристтердин агымын көбөйтүп, андан түшкөн кирешелерден салык алып жата бербейлиби?»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577