7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйшөнбаев: “Кокуй 4 пансионатты берип салды” дегендер пансионатты Өзбекстан жери менен көчүрүп кетмек беле?”

665

“Кокуй 4 пансионатты берип салды” деп жаткандар эптеп эле бийликти жаманатты кылгысы келгендер. Чындап келгенде 4 пансионатты Өзбекстан жери менен көчүрүп кетмек беле?” Алар кадимкидей эле иштей берет. Эң башкысы, ал пансионаттар өсүп-өнүгүп, киреше салыктары жашырылбай төлөнүп турса болду. Бул тууралуу эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев жазды.

“ 2016-жылы ошол кездеги Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдөгү төрт Өзбекстан пансионатын өзүбүзгө алынганын маалымдаганда абдан сүйүнгөнбүз. Бирок, биздин бийликтин аларды улутташтырып мамлекетке алып койгону мыйзамсыз болгон экен. Өзбекстан бийлиги эл аралык сотко кайрылып, ал Кыргызстан 4 пансионат үчүн Ташкентке 40 миллион доллар төлөп берсин деген чечим чыгарган. Эл аралык институт мындай чечим чыгарган соң Кыргызстан аны аткарбай да коё албайт. Ушул тапта бизде анда сумманы төлөөгө чамабыз жетпейт. А пансионаттарды өзүбүзгө калтыралы десе буга чейин иштетилбей, кебетеси кетип калган эс алуучу жайларды 40 млн. долларга эч ким албайт. Анан 40 млн. долларды да, 4 пансионатты да бербейбиз деп туруп алсак, эми жакшырып келе жаткан кыргыз-өзбек мамилеси солгундап кетет. Азыр бизге анын кереги жок. Анын үстүнө мындай чечимдин чыгышына азыркы бийликтин күнөөсү жок. Болгону, буга чейинки бийлик бул маселени чиелентип чечпей кеткендиктен азабын азыркы бийлик тартып жатат.

Эми кыргыз бийлиги ушул 4 пансионат боюнча өзүнчө  макулдашуу түзүп,  ага  пансионаттардагы баалар карапайым элдин капчыгына жараша болушун, иштегендердин көбү кыргызстандыктар болуп, түшкөн киреше ачык көрсөтүлүп, заманбап эс алуучу жайлар курулуп, тиешелүү салыктар өз убагында төлөнсүн деген талаптарды киргизиши керек. Эгер ушул талаптар аткарылып, пансионаттар жакшы иштей баштаса, Өзбекстандан көп туристтер келип өзүбүзгө  деле пайдалуу болмок. Биз эмес, өнүккөн өлкөлөрдө деле ушундай жайларды чет өлкөлүк инвестор, бизнесмендер иштетип, жергиликтүү  салыктарды төлөп жатат.

Мисалы, Дубай, Сингапур, Малайзияда деле ушундай болуп жатпайбы. Ал эми азыркы “Кокуй 4 пансионатты берип салды” деп жаткандар эптеп эле бийликти жаманатты кылгысы келгендер. Чындап келгенде 4 пансионатты Өзбекстан жери менен көчүрүп кетмек беле?! Алар кадимкидей эле иштей берет. Эң башкысы, ал пансионаттар өсүп-өнүгүп, киреше салыктары жашырылбай төлөнүп турса болду”,-деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666