7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Белгилүү ишкер Чыңгыз Макешов жөнүндө 10 чындык

766

Белгилүү ишкер жана «Келечек-Будущее» саясий партиясынын лидери Чыңгыз Макешов жөнүндө 10 чындык:

  •  “Келдике” брендинин негиздөөчүсү жана “Келдике” зергерчилик тобунун директорлор кеңешинин төрагасы;
  •  Эки жогорку билимдин ээси. Кыргызстан эл аралык университетинде Эл аралык мамилелер багытында бакалавр жана Бишкек гуманитардык университетинде Экономика жана жаратылышты пайдалануу боюнча магистр окуган;
  • Мыкты кесипкөй адис. Бишкек мамлекеттик институтунун Экономика жана соода жаатында ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы долбоорунун менеджери катары үзүрлүү эмгектенген;
  • Бүгүнкү күндө өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө активдүү катышып, анын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатат;
  • Кыргыз Республикасынын Ишкерлер Союзунун Башкармасынын мүчөсү;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин мүчөсү;
  • “Мен Кыргызстанга инвестиция салам” (Я инвестирую в Кыргызстан) долбоорунун жетекчиси. Аталган долбоор 2016-жылы Чингиз Макешовдун демилгеси менен ишке ашырылган. Бүгүнкү күнгө чейин долбоор 112ден ашуун бизнес долбоорду каржылаган. Ошондой эле миңден ашуун ишкерлер бизнести тездетүү курстарынан өтүшкөн.
  • Жигердүү кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган: “Мамлекеттик үлүшкө ээ ишканалардын арасында рентабелдүүлүктү жогорулаткандыгы жана рейтингин көтөргөндүгү үчүн” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Ардак грамотасы. “Кынтыксыз эмгеги жана Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн” Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин Ардак грамотасы. Кыргызстан ишкерлер бирлигинин “Бизнес кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мыкты ишкер” номинациясы боюнча сыйлыгы
  • Ишкердикти Өнүктүрүү Фондунун башчысы катары 2016-жылдын аягында кирешеси жок компанияларды кирешелүү компанияларга алып келген жетекчилердин рейтингине кирген. Ишкердикти өнүктүрүү фонду 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча активдердин кирешелүүлүгү боюнча мамлекеттик компаниялардын алдыңкы ондугунда орун алган.
  • 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ыйман Нуру” саясий партиясынын тизмесин баштап барган. Аталган партия чоң саясий жарышка биринчи жолу аттанганына карабай жакшы жыйынтык көрсөтө алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767