7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычынын абалы менен таанышты

473

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө суунун жетишсиздигине байланыштуу сууну кое берүү көлөмү жогорку белгини – 120 кубду түзөт.

«Көрүнүп тургандай, суу сактагычта чындыгында суу аз. Суунун деңгээли төмөндөдү, Чүй облусунда сугат суунун жетишсиздигинен улам Орто-Токой суу сактагычынан суу алынып жатат. Бул аргасыз чара болууда, кырдаал жөнгө салынары менен суу сактагычтан сууну кое берүү көлөмү кыскартылат», — деди Улукбек Марипов.

«Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу негизинен айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуудан көз каранды. Эгерде сугат каналдары тазаланбаса жана оңдолбосо, сууну кое берүүнүн натыйжасы төмөн болот. Суу талааларга жетпей калат. Бул маселе жылдан жылга курчуй берет. Сууга байланыштуу маселерди чечүү үчүн сууга болгон тарифтерди кароо, жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилиги сыяктуу комплекстүү  мамиле керектелет. Эгерде бул ассоциациялар айыл өкмөтүнүн балансында болсо, анда каражаттар жергиликтүү казнага түшүп, дыйкандар жергилктүү бийликтен тийиштүү суунун көлөмүн талап кыла алат. Учурда Министрлер Кабинетинин күн тартибинде бул маселелер турат», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле, кайтарылган обьектинин аймагында жашаган Орто-Токой суу сактагычынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту.

Эскерте кетсек, Орто-Токой суу сактагычы жылына 470 млн куб суу жыйнайт. Суу сактагыч аркылуу Чүй облусунун 220 миң га жери сугат суу менен камсыздалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474