Бүгүн 86 жаш курагында Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, адабиятчы Омор Сооронов узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ал Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу, адабиятчы жана сынчы болгон. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы «Манас» орденинин ээси жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору.
Омор Сооронов 1940-жылы 28-февралда Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында туулган. 1958-жылы Базар-Коргон №1 орто мектебин аяктаган.
1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайына окутуучулукка жиберилген.
1979-1981-жылдары «Кыргызстан» басмасында Көркөм адабият редакциясын башкарат, 1992-1995-жылдарда И.Арабаев атындагы КМПУнун улуу окутуучусу жана улук илимий кызматкери болуп акыркы жылдарга чейин эмгектенип келди.
О. Сооронов «Алыкул» деген поэмасы үчүн 1-сыйлыкка татыктуу болот. Бул анын адабият жагындагы эң алгачкы ийгилиги болчу. 1957-жылдан бери чыгармалары жарыкка чыгып келе жатат. 1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.



