Белгисиз адамдар Солтон-Сары алтын кенин басып алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы жергиликтүү маалымат булактарына ырастаган.
Анын айтымында, бир күн мурун Сары-Солтонго 20дай адам чогулган.
«Алар ишкананы ишке киргизүүнү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну талап кылышты. Укук коргоо органдары келгенден кийин элдер тарап кетишти. Эч кандай мыйзам бузуулар катталган жок. Облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат», — деп берилет маалыматта.
Эске салсак, былтыр жергиликтүү калктын суранычы менен өкмөт Чжон Жи Майнинг компаниясынын Солтон-Сары кенин иштетүү лицензиясын токтоткон. 2019-жылдын 5-августунда Нарын районунун айылдарынын тургундары кенге чогулуп, алтын кениндеги Чжун Жи Майнингдин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча талаптарын билдиришкен.