7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берип сүйүнткөнү менен, 5 эсе өндүрүп алган «Somo.kg»ни ким көзөмөлдөйт?

1041

Пандемиядан кийин “шарты жеңил, пайызы аз”, — деп насыя бергендер жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнап кеткен. Алардын бири онлайн каттоо менен 15 эле мүнөттө зайымга акча беребиз деген  somo.kg. Адегенде оңой экен деп алып алып, төлөө мөөнөтү башталган соң, бармактарын тиштеп, алданып калганын сезген тургундар адилеттүүлүк издеп 7-каналга кайрылышты.

«Somo.kg»  сайтында, зайымга акча берүүнүн жол жобосу дээрлик кынтыксыз жазылгандай. Бирок, реалдуу  эсепте сайтта көрсөтүлгөн пайыздан 2-3 эсеп көп чыгып, кардарларын сазга олтургузуп жатканы айтылды. Тактоо үчүн «Somo.kg»  сайтына тиркелген даректерге да кайрылдык, расмий кат жолдогула дешти, бирок биздин жолдогон расмий катыбызга дагы жооп бере элек.

Бул компания эч кандай келишим документи жок эле акча берип, кийин ар кандай шылтоолор менен пайызын көбөйтүп, карапайым адамдарды убайымга салган.  Мындай иштерге мыйзам жол бербейт.  Аталган компаниянын сайтына баш баксак аларга күрөөкана катары лицензия берилген. Эң кызыгы компания  кардардан эч кандай күрөөгө эч нерсе талап кылышкан эмес. Кыргыз республикасынын сүткөрлук боюнча мыйзамынын 6 беренесинин 4 пунктунда мындай деп жазылган.

Миндеген кардарды капканга түшүрүп, элди сазга батырып,  мыйзамсыз иш алып барган «Somo.kg»нин  ишин ким көзөмөл кылат жана анын ишин ким жөнгө салат? «Somo.kg»ден  жабыр тартып, Адилеттуулук издеп кайрылган ар бир жарандын көйгөйү тиешелүү тараптарга жетет деген үмүттөбүз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1042