7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз Республикасынын делегациясы Афганстанга гуманитардык жардам жеткирди

504

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы  кечээ, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүк Афганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн Премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу  молдо  Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылган.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен молдо Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду.  Анын жүрүшүндө тараптар Афганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, Афганстандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Абдул Гани Барадар Афганстандын элине  гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ал Афганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганстандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505