7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берлинде “Бала Манасчы” айкели расмий ачылды (ФОТО)

224

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда, Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Берлин шаарынын борборундагы Кыргызстандын Элчилигинин аймагында орнотулган “Бала Манасчы” айкели менен таанышкан болчу.

КРнын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен айкелди элибиздин сыймыктуу кызы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын «Достук» орденинин ээси белгилүү бедизчи Тамила Маматова жасаган.

Бала Манасчы” кыргыз элинин улуттук жүзүн туюнтат. Ал элибиздин тарыхы менен көөнө маданиятын, улуттук баалуулуктарын чагылдырган кыргыздын салттуу кийимин кийип, башында ак калпагы бар. 10-12 жаштагы жигиттин жашы кыргыз элинин жаштыгын, эртеңин жана рухун билдирет.

Мындан тышкары, анын QR-код менен тактасы бар. Башкача айтканда, ар бир каалоочу атайын программанын жардамында айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү уга алат.

Бала Манасчы” келбети элибиздин эркиндигин, энергиясын жана күчүн чагылдырып турат. Бул айкел улуттук символ катары Кыргызстандын тарыхын, байыртадан бери келе жаткан маданий мурастарын жана каада-салттарын сактап, кийинки мурастарга өткөрүп берүү максатын туюндурат.

Ачылыш иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары жана Азиз Биймырза уулу жетектеген Улуттук Манас театрынын өкүлдөрү катышты.

Айкел демөөрчүлөрдүн салымы менен орнотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225