7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик авиапарк дагы эки тик учак менен толукталды

346

Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасына кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган.

Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген.

Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган.

Кечээ жакында эле Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөру аталган тик учагыбыз толук ремонттолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти.

Мунун баары, албетте, Өзбекстандын Президенти, урматтуу Шавкат Мирзиёевдин колдоосу жана көзөмөлү астында болду. Буга байланыштуу, Шавкат Миромоновичке терең ыраазычылыгымды билдирем.

Ошентип, Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды»,- деди өлкө башчы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

347