Бүгүн, 23-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндуз 10…15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16.
Ал эми, Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.