7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийлик өкүлдөрү Кемин жана Токмок шаарынын тургундары менен жолукту

447

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кемин районунун жана Токмок шаарынын тургундары менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жарандар менен жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Баймурза Маатов, Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын администрация башчылары катышышты.

Жыйынга келген тургундар социалдык маселелер боюнча кайрылууларын, сунуштарын айтышып, жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик кызматтардын иштөө сапатын белгилешти. Белгилей кетсек, бул жыйынга бардык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, көйгөйлөр айтылып жана чечүү жолдору жеринде талкууланды. Ошол эле учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринде бардык көйгөйлүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүп, жарандардын арыздарын кабыл алышты.

 

448