7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги 350 млн сомго жаңы техникаларды сатып алды

245

Бүгүн, 19-августта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов сатып алынган атайын техника жана жабдуулар менен тааныштырды.

Министрдин айтымында “Көп жылдардан бери мамлекеттик деңгээлде маданий иш-чараларды өткөргөнгө заманбап техниканын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болгон. Мисалы, 2018-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн сахна, LED-экран, жарык берүүчү жана үн күчөтүүчү атайын жабдууларды 5-6 мамлекеттерден алынып келинип, ижара акысына 2 млн доллардан ашык каражат коротулган. Азыр болсо Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы заманбап техника өзүбүзгө алып отурабыз. Бул деген иштин илгерилешине чоң түрткү берди. Өзүңүздөр көрүп турган жабдуулар Франция жана Кытайдан жалпы 15 жүк ташуучу унаалар менен алынып келинди.
Эми алынган техниканы иш жүзүндө 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына арналган чоң салтанатта күбө боло аласыздар”.

Техника жана жабдуулардын тизмеси:
— 786 чарчы метрди түзгөн сахна;
— 428 даана жарык берүүчү жабдуулар;
— 700 чарчы метрди түзгөн LED-экрандар;
— 12 х 28м сахнанын темир жабдыктары;
— 16 даана атайын эффект берүүчү жабдыктар;
— L-ACOUSTICS үн күчөткүчтөр;
— L-ACOUSTICS (пульт);
— 20160 чарчы метр лаер.

Белгилей кетсек, Маданият министрлигине мамлекет тарабынан материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 446 млн. сом каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда алынган техниканын баасы 350,6 млн сомду түзөт.

 

246