Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапары учурунда ал Балыкчы, Каракол шаарларындагы, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондорундагы билим берүү уюмдарына барып, педагогикалык жамааттар, облустук, райондук, шаардык жана айылдык жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулады.
Жолугушууларда авариялык мектептер, курулушу башталбай жаткан же токтоп турган объекттер, талашка түшкөн имараттар, эскирген эмеректер, жетишсиз компьютерлер, ички мазмуну жана сапаты талапка жооп бербеген окуу китептери, башталгыч мектептердеги ашыкча түйшүк жараткан отчёттук документтер тууралуу талкуулашты.