Абакта жаткан экс президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева, жаш балага болгон орой мамилеге күбө болгонун, социалдык түйүндө ыйлап айтып берди.
Окуя 20-июнь күнү №47 убактылуу кармоочу жайдын жанында орун алган. Атасына жолугушууга келген Шагиева, ыйлап жаткан баласын буту менен нукуган бойкат аялды байкап калып, инстограммга түз эфирге чыгып, аялды сөзгө тарткан.
Бул көрүнүшкө аябай жүрөгү ооруган Алия келинден эмне үчүн баласын тепкенин сурап, керек болсо баласын социалдык коргоо кызаты тартып алып коёрун эскертти.
Тасмадан жаш баланын энеси арлашпай кетип калышын сурап, бирок Алия кайра-кайра суроо узата бергендиктен ачуу кыйкырганына күбө болосуз.