Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала изделип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү Панфилов райондук милициясына 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
«Баламан бүгүнкү күнгө чейин такыр дайын жок, байланышка дагы чыккан жок. Нарын облусунун Ат-Башы районунда атасы бар. Ажырашканыбызга 10 жылдан ашты. Негизи үйдөн качканда атасына кетип калчу. Бул жолу ал жакка барбаптыр. Мен экинчи жолу турмушка чыккандан бери балам атасы экөөбүздүн ортобузда эле жүрчү. Бир ай меникинде, кайра атасыныкына жүрүп келчү. Атасынын дагы үй-бүлөсү бар. Учурда Чүйдө жашайм», — деп билдирген ал.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, арык чырай, башынын сол жагында тырык бар.
Милиция сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.