Бүгүн, дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө +26…+31,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33,
- Талас жергесинде +31…+36,
- Ысык-Көлдө +19…+24,
- Нарын аймагында +18…+23 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү:
- Бишкекте +29…+31,
- Ош калаасында +33…+35
- Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.