Бишкек шаарынын мэриясы коронавирустун жайылуусу борбор калаада күчөп жаткандыгына байланыштуу, мекеме ишканаларды 50% онлайн иштөөгө чакырат.
Тактап айтканда ишкана-мекемелер кызматкерлеринин жарымын онлайн иштөөгө убактылуу кетире туруусун суранат.
Аралыктан иштөө режимине биринчи кезекте, 60 жаштан улгайгандар жана өнөкөт оорусу барлар (гипертония, диабет, өнөкөт респиратордук, онкологиялык оорулар ж.б.), бойкат аялдар, иммуннитети алсыздар жана ооруп же даарыланып жаткандар.
#Эскертүү: Кызматкерлердин санитардык-талаптарды так сактоосуна мекеменин жетекчиси жооптуу.
Мэрия ошону менен бирге шаар тургундарын коопсуздук үчүн бир катар талаптарды так аткарууга чакырды.
- коронавируска каршы, акысыз берилип жаткан вакцинаны кабыл алууга шашылыңыздар!
- Коомдук жайларда, коомдук транспортто сөзсүз түрдө маска тагууну унутпаңыз!
- Эл көп жайларда дистанциялык аралыкты (2 метр) сактаңыз!
Эске салсак, борбор калаада кечки оюн-зоок жайларына чектөө киргизилген.