7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министри Таласка барып, жарандарды кабыл алды

201

Бүгүн, 14-январда, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында министр Талас шаарында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кабыл алууга келген жарандар билим берүү тармагындагы жергиликтүү маселелер боюнча сунуштарын жана суроолорун беришти. Тагыраагы, мектепке электрондук каттоо, окуучулардын жүрүм-туруму, мектеп имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелери айтылды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жарандардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынаарын билдирди. Ошондой эле айрым маселелер иш сапардын жүрүшүндө жеринде чечилерин белгиледи.

202