7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу Арзыкулов көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди

334

Бүгүн, Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулары катышышты.

“Арзыкулов көчөсүнүн жалпы жолдун узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп жол 2 тилкелүү болуп оңдолду. Бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар , жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Бул иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруу учурунда аталган көчөгө келип, жолду кеңейтүү жана асфальттоо тапшырмасынын негизинде аткарылды”, — деп жазылат маалыматта.

Көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалды.

335