7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

365

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык прокуратура органдарынын иш чөйрөсүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

Прокуратура органдарынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жогорку кесиптик билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты прокуратура органдарынын адистештирилген жогорку окуу жайынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана анын жетекчисин дайындоо маселелерин укуктук жөнгө салуу болуп саналат.

366