7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол тескөөчүлөрдү «шантаж» кылган чет элдиктер кармалды

133

Жол тескөөчүлөрдөн пара талап кылган деген шек менен эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-февралда милицияга чет элдик жарандар Чүй облусунун  жол тескөөчүлөрүнөн 2500 АКШ долларын опузалап талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1-февралда саат 15:20да Чүй облусунун ЖКККББнын кызматкерлери милициянын прапорщиги А.Н. жана милициянын улук сержанты М. Б. Военно-Антоновка айылында кызмат өтөп жүргөндө, айдоочулук күбөлүгү жок чет өлкөлүк Б. А. жана А. Р. аттуу жарандардын башкаруусунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунааны токтоткону аныкталган. Унааны айып короого эвакуациялоо учурунда, чет элдик жарандар милициянын улук сержантынын патрулдук машинасынын чөнтөкчөсүнө 6000 сом акча каражатын салып, аны видеого тартып, андан соң 2500 АКШ долларын опузалап талап кылып, видеону социалдык тармактарга жарыялайм деп коркуткан.

Акчаны алып жаткан жеринен чет өлкөлүк жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүлөрдөн белгиленген акча каражаты аныкталып, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

134