7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

464

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп эсептелет.

Мыйзам менен башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултууга тыюу салуу каралып, ошондой эле мындай аракеттерге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик киргизилди.

Мындан сырткары, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында (жалпы билим берүүчү мектеп) финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултуу боюнча иштерди кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укук берилди.

465