7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү жана илим министри 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды

343

Кечээ, 4-январда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 700 балага жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.
Маалым болгондой, министр балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан балдарга барып кабар алган.
«Ата-эне мээримине зар, ден соолук кадырын кичинесинен жон териси менен сезип билген сезимтал балдар-кыздардын ар бирине өзгөчө мамиле жасалды. Министр ар бир балага арналып жазылган өздүк каттарды, ошондой эле китептерди, таттууларды, жеке гигиена каражаттарын жана башкаларды белек кылды. Алмазбек Бейшеналиев балдарга бекем ден соолук, кең келечек, окууларына ийгилик каалап, Жаңы жылдык маанай тартуулады»-деп кошумчалады маалымат катчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

344