Кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген эмне себептен Америкага чыгып кетишкендиги тууралуу үн катты. Ал бул тууралуу өзүнүн Twitter баракчасына жазган.
Анын айтымында, Мирбек Атабековго эч кандай коркутуу болгон эмес.
«Бизди эч ким коркутуп, кысымга алган жок! Биз жеке себептерибиз менен кеттик, Мирбек соңку 3 жылдан бери түтүндөн алыс болуу максатында Жаңы жылга чейин же андан кийин өлкодөн чыгып кетүүгө аракет кылчу», — деп жазган ал.
Анын көптөгөн катталуучулары өзүлөрүнүн эмиграцияга кеткендигин эске алышып, жубайлардын чечимин колдошуп, ийгилик каалап, кайда болушпасын, алар «Кыргызстандын чыныгы патриоттору» экендигин белгилешти.
Бирок, посттун өзүндө жубайлардын биротоло кетип калганы жөнүндө маалымат жок. Азырынча Мээрим менен Мирбек байланышка чыга элек. Бирок, Атабековдордун жакындарынын бири алар жазында Кыргызстанга кайтып келишерин айткан.