7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

РКӨФ «Кыргыз фонд биржасы» ЖАК акционери катары финансылык рынокту өнүктүрүү менен алектенет

209

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экинчи рынокто «Кыргыз фонд биржасы» ЖАК 7,5% акциясын сатып алды жана 2020-жылдын 31-декабрында расмий түрдө анын акционери болду. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өткөргөн фондулук рынокту өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды.


Фонддун «Кыргыз фонд биржасы» ЖАК капиталына кирүүсү анын ишкерлик секторун колдоого алуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча аспаптарын кеңейтет жана ал өлкө экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоого гана эмес, финансылык рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышууга ниеттенүүдө.


«Мындай ири оюнчунун пайда болушу баалуу кагаздар рыногуна потенциалдык инвесторлордун көңүлүн бура алат, өз кезегинде бул атамекендик фондулук рынокто инвестициялык курамды күчтөндүрүүнүн катализатору болот. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын резидент компанияларынын кагаздары боюнча потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабууга резервдер боюнча талаптар 50дөн 5%га чейин төмөндөтүлдү», — деди Артем Новиков.

Тактап айтканда, Өкмөт жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан келечекте өлкөнүн фондулук рыногун, атап айтканда, корпоративдик облигациялар жана акциялар секторун өнүктүрүүгө көмөк берүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. Алгачкы баскычта институционалдык инвестор катары ири облигациялык чыгарылышытардын көлөмүнөн 15%га дейре сатып алуучу фонддун ишмердүүлүгү негизги милдет болуп калат.


Жолугушууда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишенимдүү рейтинги бар жаңы эмитенттердин пайда болусуна көмөктөшүүгө ниеттенүүдө. Алдыга коюлган иш-чаралардын ишке ашырылышы корпоративдик облигациялардын биринчи жана экинчи рыногун активдештирүүгө, алардын ликвиддүүлүгүн жана капиталдык көлөмүн жогорулатууга алып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

210