Өлкөдө жасалма психологдордун жарнамасына тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча жыйынында маалым болду.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоор депутаттар тарабынан демилгеленип, карап, жактырышты.
Мыйзам долбоорунда тиешелүү багыт боюнча жогорку билим тууралуу документи же негизги кесиптик билимине дал келген кошумча кесиптик билим тууралуу диплому жок адамдардын психологиялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган жарнамасына жол бербөө каралган.
Талкуу учурунда депутат Гүлсүнкан Жунушалиева бул мыйзам долбоорун колдоп, жакында ЖМКларда бир аялды 100 миң долларга алдап кетишкени тууралуу маалымат чыкканын белгиледи.
«Кантип эле бир адамга зомбидей ээрчип, ушунча акчаны берип коюуга болот. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм, анткени абийирсиз психологдордун жана экстрасенстердин айынан жабыркаган жарандардын саны көбөйдү», — деди ал.
Депутат Элдар Абакиров мектептерди кесипкөй психологдор менен камсыздоо маселесин көтөрдү. «Мектептерде психологдор болушу керек, анткени алар ар кандай жагымсыз учурлардын алдын ала алышат. Психологдор баланын жүрүм-турумуна карап, анын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын түшүнө алышат», — деди депутат.