Ак-Ордо конушунда № 10 автобус жеңил унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен 23:30дар чамасында И.Ахунбаев менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда батыштан чыгышты көздөй базага кайтып жаткан автобусту Каркыра көчөсүнөн чыга калган «Хонда-Фит» унаасы сүзүп алган.

«Автобуста жүргүнчүлөр болгон эмес, ал эми жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген»,-деп берилет маалыматта.