7-февралда, күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +7…+12 градус, Талас облусунда +5…+10, Ысык-Көлдө 0…+5, ал эми Нарын аймагында -2…-7 градус болот.
Ал эми, Бишкекте кечкисин жамгыр жааса, Ош шаарында күн ачык болуп, эки калаада тең термометр +10…+12 градусту көрсөтөт.