7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир үй-бүлөдөн 4 адам аёосуз өлтүрүлүп, шектүү катары кызматчысы кармалды

482

Бир үй-бүлөнү аёосуз өлтүргөн шектүү алардын кол алдында иштеген кызматчысы экендиги аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.


Маалыматка ылайык, жаңжал кызматкер менен кожоюндун ортосундагы маяна маселесинен улам келип чыкккан.


«Нижегорордск облусунун Кудьма айылындагы бир үй-бүлөсү кол алдында иштеген кызматчысы Шарофиддин Амиров тарабынан аёосуз өлтурүлдү. Алардын ортосунда айлык маянасы тууралуу дайыма жаңжал чыгып келген. Кезектеги жаңжалда Амиров алгач 65 жаштагы Анатолий Королёвду бычак менен өлтүргөн. Андан соң үйүнө кирип 62 жаштагы жубайы Наталья Королеваны өлтүргөн. Кийин 42 жаштагы кызы Елена Малаховага 13 жолу бычак сайып өлтүрүп, анын 5 жаштагы уулу Михаилди думчуктуруп өлтүргөн. Бул окуя шектүү Амиров Владимирск облусунан колго түшүрүлдү. Учурда ал тергөө комитетинде отурат, орус тилин өтө начар билгендиктен котормочуну күтүп жатышат», — деп жазылат маалыматта.

483